Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Кыргызстандагы чыр-чатактарды чечүүнүн жаңы ыкмалары сунушталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Достук» мейманканасында «Кыргызстандагы чыр-чатактарды чечүүдөгү жаңы ыкмалар» деген темадагы коомдук форум өттү. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму, «Эл аралык толеранттуулук» жана «Кылым шамы» коомдук фонддору тарабынан өткөрүлгөн бул жыйындын ишине өкмөт аппаратынын, өлкөнүн бардык региондорундагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда Кыргызстанда митинг, пикеттерди өткөрүүдө нааразылык акцияга чыккан атуулдар менен тартип коргоо, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелерине байланыштуу маселелер талкууланды. Форумдун катышуучулары тарабынан Кыргызстандын саясий жана коомдук тажрыйбасына жаңы багыттарды киргизүү боюнча сунуштар айтылды. Алардын ичинде, атуулдар нааразылык акцияларга чыккан учурларда жергиликтүү бийликтердин жана тартип коргоо органдарынын аларга жасаган мамилесин өзгөртүү, атуулдарды өздөрүнүн конституциялык укуктарын нааразылык акциялар менен гана эмес, тигил же бул маселени чечүү боюнча семинарлар жана тегерек үстөл жыйындарын өткөрүү аркылуу да чечүү жолдоруна үйрөтүү жөнүндө талкуулашты.

XS
SM
MD
LG