Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:04

Украинадагы президенттик шайлоого кыргызстандык байкоочулар катышат


БИШКЕК. Ушул жекшембиде Украинада боло турган президенттик шайлоого Кыргызстандан саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардан 70 байкоочу катышат. Бул туралуу бүгүн АКШнын Улуттук Демократиялык Институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, БШКдан Украинадагы шайлоого байкоочу катары өкүлдөр катышпайт. Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн бул президенттик шайлоого жалпысынан 635 адам байкоочулук кылат. Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-октябрда өтүп, анда өлкөдөгү оппозициянын өкүлү Виктор Ющенко өзүнүн атаандашы Виктор Януковичке караганда шайлоочулардын көбүрөөк добушуна ээ болуп, жеңип чыккан. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 21-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG