БИШКЕК. Борбордук Шайлоо комиссиясы эл аралык уюмдар менен бирдикте ушул жылдын 10-декабрына чейин өлкө боюнча 320 жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону пландаштырууда. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын, облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын ичинен даярдалат. Өлкөдөгү саясий партиялар, коомдук бирикмелер жана эмгек жамааттары 20-ноябрга чейин ар бир облустан бирден өкүл көрсөтүүгө тийиш. Мындай иш-чара өлкөдө боло турган райондук, облустук кеңештерге, ошондой эле Жогорку Кеңешке шайлоолорго даярдык иретинде жүргүзүлмөкчү. Алар үстүбүздөгү жылдын декабрь айында жана 2005-жылдын февраль айында өлкө боюнча 75 округдук жана 200 участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн семинарларды өткөрүшөт. Жалпысынан өлкөдө 25 миң адам шайлоо технологиялары боюнча атайын семинарларга катышып, адистиктерин жогорулатышат.