Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Белгилүү укук коргоочу дайынсыз жок


БИШКЕК. «Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын» төрагасы, укук коргоочу Турсунбек Акун кечээ саат он жетиден бери дайынсыз жок. Бул тууралуу анын жолдошу Гуля Жапары кызы бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымына караганда, кечээ саат төрттөрдө Турсунбек Акунду белгисиз бирөөлөр телефон аркылуу Бишкектеги Совет, Киев көчөлөрүнүн кесилишине жолугушууга келүүгө чакырып кеткен. Ал ошол бойдон үйүнө кайрылган жок. «Биз абдан кабатырлануудабыз» деп кошумчалады Турсунбек Акундун жолдошу Гуля Жапар кызы «Азаттыктын» кабарчысына. Турсунбек Акун баш болгон «Кыргызстан элдик кыймылынын» мүчөлөрү «мамлекет башчы Аскар Акаев он үч жылдан ашуун бийликте турган мезгилде кыргыздын 130 миң гектар жерин Кытайга мыйзамсыз бердирди, Аксы окуясында алты атуулду аттыртты, Кыргызстандагы эң кирешелүү тармактарды мыйзамсыз менчиктештирип, мамлекетке чоң суммада зыян алып келди» деген айып менен үстүбүздөгү жылдын биринчи ноябрынан бери Бишкекте президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүүнү каалаган атуулдардын колун топтоп жатышкан. Ал ушул эле күнү Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов милиция кызматына Турсунбек Акун тууралуу эч кандай маалымат түшпөгөндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG