Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Батыш лидерлери ирландиялык гуманитардык кызматкер Маргарет Хасандын өлтүрүлүшүн катуу айыпташты


Ирландиянын премьер-министри Берти Ахерн кылмышкерлер эл аралык коомчулук алдында жоопко тартылышат деди.
Евробиримдиктин гуманитардык жардам боюнча комиссары Пол Нилсон мындай окуядан кийин шаркеттин Ирактагы соопкерчилик иштерин улантуу дээрлик мүмкүн болбой калгандыгын белгиледи.
30 жылдай убакыттан бери Иракта жашап келген Маргарет Хасан КАРЕ гуманитардык уюмунун жетекчиси болуп келген.
Анын жакын досу ирактык дарыгер Хайдар Чалаби Ройтерске берген интервьюсунда мындай деди:

Ал бейөкмөт уюмдун өкүлү гана эмес, Ирак элине чың жүрөктөн жан тарткан, колунан келген жардамын аябаган адам болчу.

2003-жылы БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Хасан айым Ирактагы согуш гуманитардык алааматка алып келет деп эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG