Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Абхазияда полициячылар өкмөткө каршы көтөрүлдү


Грузиядан өзүнчө бөлүнүп алган Абхазия республикасында полиция жетекчилери борбордук өкмөттүн буйруктарына баш ийбей турганын жарыялашты. Полициянын аймактык бөлүмдөрүнүн 50 башчысы кол койгон билдирүү - өткөн айдагы президенттик шайлоонун айланасында орун алган саясий кризисти күчөттү. Ички иштер органдарынын өкүлдөрү премьер-министр Нодар Хашбаны жумуриятта башаламандык, тартипсиздик орноткону үчүн айыптап, мындан ары андай өкмөттүн буйруктарын аткарбай турганын маалымдашкан. Абхазиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 3-октябрдагы президенттик шайлоодо оппозициячыл талапкер Сергей Багапш жеңди деп жарыялаган, бирок ырасми бийликтер ал чечимге макул болбой, добуштар бурмаланган деп кайталап келатат.

XS
SM
MD
LG