Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

БУУнун комитети Ирандагы адам укуктарынын абалын айыптады


Башкы ассамблеянын укук коргоо комитетинин документинде Ирандагы басма сөздүн аянычтуу абалы, адамдарды кыйнап-сабоо, аялдарды басмырлоо фактыларына көңүл бурулган. Резолюция долбоорун сунуш кылган Канаданын Улуттар уюмундагы элчиси Алан Рок буларга токтолду. "Бул резолюцияны кабыл алуу менен биз Иранда добуш көтөрүп өз укугун коргоодон баш тарткан көпчүлүктүн, унчукпай куугунтуктан жапа чегип келаткан азчылыктын, кадам сайын басмырлоо, кол көтөрүүгө туш болгон аялдардын жашоосун жакшыртуу тилегибизди билдиребиз".
Ирандын элчиси резолюцияны негизсиз документ деп атады. Документ келерки айда Башкы ассамблеянын кароосуна сунушталат.

XS
SM
MD
LG