Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Туюксуудагы жеркөчкү коркунучу


БИШКЕК. Жумгал районундагы Миңкуш айылындагы Туюксуу участогундагы жер көчкүнүн жылышы байкалбайт. Август айында аталган участоктогу жер көчкү суткасына 1,5 сантиметрге, ноябрь айынын башында 3 сантиметрге жылган. Белгилей кетүүчү нерсе, эгерде Туюксуу участогундагы коркунуч туудурган 700 миң кубаметр көлөмдөгү жер көчкү көчсө бийиктиги 30, узундугу 150 метрлик көлмөнү пайда кылат. Ал эми Миңкуш аймагында 4 уулуу заттарды сактоочу жай, 4 жерде кен калдыктары көмүлгөн 1 млн. 150 миң кубометр өлчөмүндөгү радиоактивдүү заттар бар.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министлигинин граждандык коргонуу башкармалыгы кырсыктын алдын алуу багытында бир катар иштерди аткарган. Учурда аталган министрлик Миңкуш айылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Россия федерациясынын “Росатом” ишканасы жана донор өлкөлөр менен каржылоо маселелерин чечүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG