Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Укук коргоочу Турсунбек Акун тууралуу маалымат жок


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан патриоттук кыймылынын төрагасы, укук коргоочу Турсунбек Акунду издөө жана коргоо боюнча комитети түзүлдү. Кыргызстан патриоттук кыймылынын демилгеси менен түзүлгөн бул комитет Кыргыз элине Турсунбек Акунду издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн Кайрылуусун жолдоду. Комитеттен билдиргендей, укук коргоочу Турсунбек Акундун жоголуп кетиши Кыргызстан патриоттук кыймылы тарабынан президент Аскар Акаевди кызматынан кетирүү боюнча кол топтоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу деген пикирлер айтылууда. 15-ноябрдан тарта аталган кыймыл Бишкек шаарындагы адамдар көп чогулган аялдамаларда Акаевге ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоо акциясын баштаган. Турсунбек Акундун жубайы Гуля Жапар кызы «Азаттыкка» маалымдагандай, Турсунбек Акун 16-ноябрь күнү кечки саат 5терде Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жолугушууга чакырып атышат деп кеткен бойдон үйүнө кайрылып келген эмес. Бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» Коалициясы өлкөнүн тартип коргоо органдарына укук коргоочу Турсунбек Акунду издөө аракеттерин көрүүгө чакырган өтүнүчү менен кайрылды.

XS
SM
MD
LG