Беларус президентинин басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматына караганда, өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы генерал Леонид Ерин жумуштан алынды. "Ассошиейтед пресс" агенттигиинн кабары боюнча, октябр айында Беларуста өткөрүлгөн референдум алдында Ерин оппозиция өкүлдөрү менен жолугуп сүйлөшкөн. Өлкө парламентинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Владимир Коноплевдун айтымында, Ериндин кызматтан кетишинин ал жолугушууларга эч тийешеси жок.