Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Лондондо Британ-франциялык саммит өткөрүлүүдө


Франция президенти Жак Ширак бүгүн Улуу Британияга келип, каныша Элизабет Экинчи, анын күйөсү Филип жана премьер-министр Тони Блэр менен жолукту. Лондондогу эки күндүк саммит - мындан жүз жыл мурда Антанта келишими түзүлүп, Англия менен Франция ортосунда жүздөгөн жылга уланган касташуу аяктаганын майрамдоого арналган. Лондонго келээрдин алдында Ширак АКШ менен Британияны сынга алып, алардын Иракка каршы баштаган согушу дүйнөлүк коопсуздукту начарлатты деп билдирген, "Дүйнөдөгү террорчулук акыркы мезгилде күчөгөнүндө шек жок жана анын себептеринин бири - бири гана - Ирактагы абал. Дүйнөдөгү коопсуздук күчөдү деп кимдир бирөө айта алат деп мен ойлобойм". Блэрдин айтымында, согуш боюнча каршы пикирлер айтылганы менен, Британия да, Франция дагы Ирактын стабилдүү жана демократиялык өлкө болушун каалайт.

XS
SM
MD
LG