Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:30

Израил аскерлери кокусунан үч мисирлик аскерди атып алды


Израил аскерлери бүгүн таңга маал Газа тилкеси менен Мисир ортосундагы чек арада үч мисирлик аскерди атып өлтүрдү. Израил премьер-министри Ариел Шарон Мисирдин президенти Хосни Мубаракка телефон чалып, кечирим сурады. Анын айтымында, жөөт аскерлери мисирлик чек арачыларды палестин согушкерлери деп ойлоп, адашып аткан. Израилдин өзүнүн суранычын канаттандырып, Мисир чек араны кайтарууга кошумча аскер жиберген. Алар Палестинага куралдын тымызын алып өтүлбөсүн көзөмөлдөйт. Мисир өз каршылыгын билдирип, окуяны толук тергеп чыгууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG