Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү айланасындагы маселе курчуп баратат


Өлкөдө өзөктүк бомба өндүрүү иштери жүрүп жатат деп Ирандын оппозициялык топтору 16-ноябрда тараткан маалыматты өлкөнүн өзөктүк изилдөөлөр комиссиясынын өкүлү Хусейн Мусавян бүгүн четке какты. Анын айтымында, Иран өзөктүк курал чыгаруу максатын көздөбөйт. АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Адам Эрели болсо бүгүн атайын билдирүү жасап, бул маселе боюнча бардык маалымат текшерилүүгө тийиш деп айтты: "Азыркы жана мурда жасалган билдирүүнүн баарын Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик текшерип чыгууга тийиш. Ал иш учурунда агенттик бардык көңүлгө арзыган маалыматты эсепке алыш керек жана изилдөө иштери абдан тыкан жүргүзүлүүгө тийиш". АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн билдиргенге караганда, Иран өзүнүн ракеталарын өзөктүк дүрмөт жеткирүү иштерине ылайыкташтырып жатат деген маалымат бар.

XS
SM
MD
LG