Бейшембиде Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын атайын комитети Орусиянын сунушу боюнча документти кийинкиге калтырууга макул болгон. АКШ жана Европа Биримдиги сунуш кылган ал документте Беларустагы оппозициячылардын дайынсыз жоголушу, шайлоо бурмаланып өткөнү, демонстранттарды, журналисттерди уруп-сабоо фактыларына көңүл бурулган.