Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Лондондо биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөн Британия менен Франциянын жетекчилери Ирак боюнча өз ойлорун ортого салышты


Британ премьери Тони Блэр мурдагы пикир келишпестиктерге карабастан, Британия менен Франция экөө бирдей эми Иракта туруктуулук жана демократия орношун каалайт деп белгиледи. Француз президенти Жак Ширак Ирак боюнча ким калпыстык кетиргенин тарых таразалайт деп кошумчалады. Британ премьери башка маселелердеги биримдикке көңүл бурду. "Иран, Ооганстан, Балкан, Африка, Жакынкы Чыгыш жана башка маселелерде биз ийиндеше иштешип жатабыз", - деди Тони Блэр. Ширактын Лондондогу визити – эки өлкө ортосунда кылымдарга созулган касташууну токтоткон келишимдин жүз жылдыгына арналууда.

XS
SM
MD
LG