Муну президент Хамид Карзай кайтадан бышыктады. Ошону менен бирге ал апийим талааларына гербицид чачуу аркылуу көкнар өндүрүүнү кыскартуу практикасын четке какты. Мындай ыкма калктын ден соолугуна салака келтирет. ООНдун маалыматтарына ылайык, апийим өндүрүшү үчтөн экиге өстү, ”көкнар экономикасынын” дүң жыйымы 2 миллиард 800 миллион долларга чамалап барат, бул улуттук дүң продукциянын алтымыш процентине барабар келет.