Федералдык салык кызматы былтыркы жыл үчүн компания ушунча өлчөмдө алман төлөшү керек деп эсептейт. Компания салык кызматына өзүнүн каршылыгын билдирген кат жөнөтөт. Ал эми ЮКОСтун негизги ишканасы – “Юганскнефтегаз” компаниясынын 76 процент акциясы 19-ноябрда тоорукка коюлат. Россиялык федералдык мүлк фондусу акциялардын баштапкы наркын 250 миллиард рубль – болжол менен сегиз жарым миллиард доллар өлчөмүндө баалады. Компаниянын сатылышы мунай экспортуна эч кандай кедергисин тийгизбей турганын өнөржай жана энергетика министри Виктор Христенко билдирди.