Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Багдадда ирак аскерлери Ал-Ханиф мечитине жапырык жасашты


Операция учурунда эки адам набыт болду, кырктай киши камалды. Ал-Ханиф мечити сүннүлөрдүн ибаадатканасы, аны антиамерикалык маанайдын очогу жана эски режимди колдогондордун уюгу деп эсептешет. Ушул эле Багдадда полициялык имараттардын бирине жакын жерде дүрмөттөлгөн машина жарылды, маалыматтарда бир полицмен жарадар болгону айтылууда. Баакуба жана Микдадия шаарларында козголоңчулар эки полицменди тындым кылып кетишти.

XS
SM
MD
LG