Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Жалалабадда Улуттук коопсуздук кызматынын уюшулгандыгынын 80 жылдыгы белгиленди


ЖАЛАЛАБАД. Жыйында облустун улуттук коопсуздук башкармасынын начальниги Марат Иманкулов белгилегендей, өлкөгө эл аралык терроризм жана Өзбекстан ислам кыймылы сырттан коркунуч келтирет. Ички жактан сабатсыз жана турмушу начар жарандарды ооз эки үгүттөп, өлкөнүн түндүк бөлүгүндө түйүндөрүн ачууга батыл киришкен «Хизб-ут Тахрир» уюму жана маңзат контрабандасы менен коррупция кооптонтот. Жалалабад жана Аксы, Майлысуу аймактарынан мамлекеттик паракор кызматкерлер колго түшкөн. Жакында табылган жардыргыч заттарга байланыштуу кылмыш иш ачылганы менен, аны Жалалабадда койгондор изделүүдө. Анарбек Бакаевдин коопсуздук кызматын түзүүдөгү эмгеги эскерилип, коопсуздук кызматкерлерине аскердик жаңы наамдар менен баалуу белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды.


Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева менен Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты

XS
SM
MD
LG