Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Нарын облусунун стратегиясын өнүктүрүү боюнча өткөрүлгөн семинар өттү


НАРЫН. Айыл суу чарба министринин башкы башкармалыгынын жетекчиси Сапарбек Тынаевдин айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн учурдагы негизги көйгөйлөрү, алардын финансылык оор кырдаалга кириптер болгон жагдайлары тууралуу кеңири маалымат угулду. Анда айтылгандардын башкы өзөгүн республикадагы экономикалык кыйын абал, бюджеттин тартыштыгы түзөт жана ар бир дыйкан, фермер чарбалар рыноктун алкагында иш жүргүзүүлөрү керек. Бирок мындай жүйөлөргө бир катар фермелер, дыйкан чарба башчылары макул болушкан жок. Маселен, Атбашы районунун тургуну, фермер Карыбек Арабаевдин пикиринде күйүүчү майлардын үстүбүздөгү жылы 20 сомго чыгышы, айылдыктар өндүргөн азык-түлүктөрүнүн сата албашы, техникалардын таптакыр эскириши жана запастык бөлүктөрдүн жоктугу электиктердин эсин оодарып бүттү. Айылдыктарды район да, облус да, же министрлик да карабай таштап салышты, дейт фермер.

XS
SM
MD
LG