Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

2010-жылга чейин ОШ облусунда кедейчилик эки эсеге кыйскартылат


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинде Ош облусунда кедейчиликти жою стратегиясынын бет ачаар аземи болду. Бул программада 2010-жылга чейин облуста кедей турмушта жашаган адамдардын санын эки эсеге кыскартуу каралган. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович мындай Стратегиялардын ишке ашырылышы жалпысынан өлкөдө кедейчиликти кыскартууга, экономикалык абалды жакшытрууга өбөлгө болот деген пикирин билдирди. Анын айтымында мындай иш-чаралардын жүргүзулүшү Кыргызстандын тышкы карызын Париж клубу тарабынан кечирүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдүн да оң чечилишине өз таасирин тийгизиши ыктымал. Ош аймагынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлгөн бул программа облус губернатору Накен Касиевдин демилгеси менен, БУУнун Өнүгүү программасынын, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарынын катышуусу менен иштелип чыккан.

XS
SM
MD
LG