БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Марокконун Оуарзазаде шаарында БУУнун алкагында өткөрүлгөн тегерек үстөл жыйынында “Кыргызстанда адамдын укуктарын жана эркиндиктерин турмушка ашырууда гендердик стандарттарды сактоо” деген темада доклад жасады. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиршти. Тегерек үстөл жыйыны “Адамдын укуктары боюнча улуттук институттар жана аялдардын укуктарын жакшыртуу боюнча улуттук механизмдер” деген аталыштагы темада өткөн.