Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Президент Аскар Акаев кийинки президенттик шайлоого барбайт


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев кийинки президенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал бүгүн Берлинде «Немецкая волна» радиосуна берген маегинде билдирип, «Мен кантсе да, жетиштүү иштедим. Жолду жаңы муунга, жаштарга берүү керек», деп жооп берди президент Акаев. Ал эми «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловго байланыштуу суроого жооп берип жатып, Акаев: «Феликс Кулов – кадимки коррупционер. Биз аны менен башында чогуу иштешкенбиз. Анын чет өлкөлөрдө ири банк эсептери бар, ал тонналап темир сатуу бизнесинен байыган», - деп жооп берди президент Аскар Акаев «Немецкая волна» радиосунун кабарчысына. Ал эми эл аралык жана Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары Феликс Кулов саясий себептер менен камакта жатат деген көз карашта. Кыргызстандын президенти Германияга болгон иш-сапарынын алкагында өлкө президенти Хорст Келлер жана канцлери Герхард Шредер менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий, экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу, Ооганстандагы абал, эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция маселелерин талкуулашты. Президент Акаевдин Германияга болгон иш-сапары 21-ноябрьда аяктайт.

XS
SM
MD
LG