БИШКЕК. «Кыргызстан патриоттук кыйылынын төрагасы, укук коргоочу Турсунбек Акундун жоголушу анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу .» Мындай билдирүүнү бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров палатанын жыйынында жасады. Депутаттын билдирүүсү жыйындын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана бакша депутаттар тарабынан колдоого алынды. Ушул эле күнү Бишкекте «АКИпресс» маалымат агенттигинде Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчилиги маалымат жыйынын өткөрүп, укук коргоочу Турсунбек Акундун жоголушу жөнүндө тартип коргоо органдарына жана эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылышты. Маалымат жыйынына Турсунбек Акундун 73 жаштагы атасы Кыйтыке Мусабаев да катышып, мындай өтүнүчүн (ыйлап) айтты: «Эл журт, бул эмне деген? Мени картайганда сыздаткан? Мен президенттен, СНБдан суранам,Турсунбекти таап бергиле», - деди укук когоочунун атасы. Турсунбек Акун 16-ноябрдан тарта дайынсыз жок. Турсунбек Акун жетектеген Кыргызстан Патриоттук кыймылы 1-ноябрдан карай президент Аскар Акаевди кызматынан кетирүү боюнча кол топтоо акциясын баштаган.