Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Талас облустук аскер комиссариатында Баткен согушунда курман болгондорго эстелик ачылды


ТАЛАС. 1999-2000-жылы Баткен коогалаңында Талас өрөөнүнүн алты эр азаматы курман болгон. Алардын аты-жөнү жазылга мрамор эстелик, артелериялык замбрек, ошол учурда окко учкан кыргызстандыктардын ысымдары жазылган панолордон турган архитектуралык ансамблдин ачылышына курман болгондордун жакындары, ошондой эле Белорусияны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан согуш ардагерлери, бийлик жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окуу, бир минута эскерүү, салют атуу каадалары өттү. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө беш миң сомдон материалдык жардам берилди. Белорусиянын Кыргызстандагы элчиси Александр Козин фашисттик баскынчылардан бул өлкөнү бошотууга катышкан таластык 46 согуш ардагерине юбилейлик медаль тапшырды. Жыйында сөз сүйлөшкөндөр дүйнө жүзүндө согуш аламаты болбосун деген тилек айтышты.

XS
SM
MD
LG