Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:02

Нарын облусунун калкынын 60 пайыздан ашууну жакырчылыкта жашайт


НАРЫН. 2002-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасында жакырчылык деңгээли 44,4 пайыз болсо, бул көрүнүш Нарын облусунда 67,7 пайызды түзгөн. Жалпы калк катмарынын ичинен шаардыктардын 39,6 пайызы өлкө боюнча жакыр деп эсептелинсе, тоолуу региондогу шаар элинин 81,3 пайызы жакырлар деп табылган. Мындай маалыматты Дүйнөлүк банк менен Улуттук статистика комитети биргелешип чыгарган. Жакырчылыкты иликтөөнүн жыйынтыктарынын атайын докладын тааныштырууга арналган тегерек үстөл жыйынында айтылды. Бирок докладды тааныштырышкан Дүйнөлүк банктын экономисти Сарош Сапттар, консультант Дамир Эсеналев жана Улуттук статистика комитетинин бөлүмүнүн жетекчиси Галина Сабохлеб менен тегерек үстөл жыйынынын айрым катышуучулары макул болушкан жок. Алсак, Нарын шаарынын мэринин орун басары Чынара Абдыраймакунова статистика комитети менен социалдык паспорт толтуруунун ортосунда сандык көрсөткүчтүн айырмачылыгы бар экендигин белгилеп, короолорунда мал баккан кыйла жарандар жакырлардын катарына киргендиктерин туура эмес деп эсептерин билдирди.

XS
SM
MD
LG