Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Ыссыккөлдөгү эки күндүк тегерек үстөл жыйыны өз ишин аяктады


БИШКЕК. Президенттин алдында өлкөдөгү экономикалык саясатты анализдөө боюнча жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Чолпон-Ата шаарында өткөн «Кыргызстандагы экономиканы жөнгө салуу» Концепциясы талкууланган тегерек үстөл жыйынында президенттин инвестициялар боюнча өкүлү Садриддин Жиенбеков маалымдады. Жыйында кабыл алынган Резолюцияда жарым жылдын ичинде өлкөнүн «Нормативдик-укуктук акттылар жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы редакциясын даярдоонун зарылдыгы жөнүндө белгиленди. Эл аралык укуктук нормаларды эске алуу менен иштелип чыга турган бул мыйзам долбоору 2005-жылы кабыл алынат деп болжолдонууда. Анда мыйзам демилгечисинин жоопкерчилиги жөнүндөгү норманын да киргизилиши каралмакчы. Президенттин инвестициялар боюнча өкүлү билдиргендей, учурда өлкөдө мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү боюнча Концепциянын долбоору иштелүүдө. Анын негизинде 5 жылдык программа кабыл алынат. Ушул жылдын февраль айында президент Аскар Акаевдин жардыгы менен кабыл алынган «Кыргызстандагы экономиканы жөнгө салуу» Концепциянын негизги максаты: өлкөдө чет элдик инвестициялардын тартылышына, ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу. Жыйын бүгүн өз ишин аяктады.

XS
SM
MD
LG