Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Укук коргоочу Турсунбек Акунду издөө уланып жатат


БИШКЕК. Кыргызстан патриоттук кыймылынын төрагасы, укук коргоочу Турсунбек Акунду издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов билдирди. Кечээ Кыргызстандагы бир катар саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдар укук коргоочу Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушу анын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштуу деген билдирүү жасашкан. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму, Адам укуктары боюнча кыргыз бюросу эл аралык укук коргоо уюмдарына жана өлкөнүн тартип коргоо органдарына Турсунбек Акунду издөө боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзүүгө чакырган кайрылуусун жолдогон. Укук коргоочу Турсунбек Акун 16-ноябрда түштөн кийин үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайткан эмес. Анын жетекчилигиндеги Кыргызстан Патриоттук кыймылы 1-ноябрдан тарта өлкө боюнча президент Аскар Акаевди кызматынан кетирүү боюнча кол топтоо акциясын баштаган.

XS
SM
MD
LG