Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюму Билдирүү жасады


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев өлкөнүн Конституциясын бузууга чакырган өзүнүн айланасындагы жан-жөкөрлөрүнүн тилине кирбей, кийинки президенттик шайлоого барбайт деп ишенебиз. Мындай билдирүү бүгүн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясы тарабынан жасалды. Анда белгилегендей, президенттик мөөнөттү чектеген конституциялык норма өлкөнүн бардык атуулдарына тиешелүү, ал эми өзгөчө кырдаалдар жана экология министри Темирбек Акматалиевдин «Бүгүн ким Акаевге каршы болсо, ал кыргыз элине каршы, биздин өлкөнүн өнүгүшүнө жана бакубаттуулугуна каршы» деген билдирүүсү негизсиз. Министр Акматалиев мындай пикирин «Кыргыз туусу» гезитине жакында берген интервьюсунда айткан. Коалициянын билдирүүсүндө айтылгандай, президент тарабынан Конституциянын сакталышы Кыргызстандын демократиялык жол менен өнүгүшүнө өбөлгө болот.

XS
SM
MD
LG