Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Президенттин иш сапары Германияда уланууда


БИШКЕК. 19-ноябрда Мамлекет башчы Аскар Акаев Берлинде X Европа форумунда “Европа Биримдиги жана КМШ: демократия жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча кызматташтык” деген аталыштагы темада доклад жасады. Акаев 2005-жылы Кыргызстанда өтүүчү шайлоолор эл аралык демократиялык нормалар алкагында, Конституциянын негизинде ачык, акыйкат жана таза өтөөрүн билдирди. Демократияны өнүктүрүү жана кедейликти жоюу багытында Европа менен ар тараптуу кызматташуу негизги маселе экендигин белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди. Ошондой эле Акаев Европа форумунда ханзада Карим Ага Хан IV менен кезигишип, Кыргызстандагы Ага Хан корунун программасы жана долбоорлорду ишке ашыруу багытында сүйлөшкөн.
Президент Акаев ушул эле күнү Европа форумунун негиздөөчүсү, коопсуздук бюнча Мюнхен конференциясынын төрагасы Тетчик мырза менен жолугушуп, келерки жылы өтүүчү “Диалог аркылуу тынчтыкка” деген аталыштагы Мюнхен эл аралык конференциясында каралышы тууралуу маселе талкууланды.

XS
SM
MD
LG