Барымтада үч жумадан узагыраак убакыт отуруп чыккан польшалык аял бошотулуп, Варшавага жеткирилди. Польшанын премьер-министри Марек Белка маалымат жыйынында Тереза Борш-Халифа аман-эсен бошоп чыкканын жарыялап, барымтачылар туткун маалында ага адамгерчиликтүү мамиле жасашканын айтып берди. 54 жаштагы Тереза айым 30 жыл мурда ирактык жаранга турмушка чыгып, Ирак жарандыгын алган. Ал барымтадан кандай шарт менен бошотулганын айткан жок, тек гана бул ишке көптөгөн өлкөлөр жана эл аралык уюмдар катышканын кошумчалады. Буга чейин Тереза айым тартылган эки видеотасма көрсөтүлүп, анда ал Польша өкмөтүн Ирактан аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырган.