Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Таласта базар талаш күчөдү


ТАЛАС. Талас шаардык мэриясы менен мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери шаар борборунда жайгашкан «Айтемир» соода комплексинин аймагындагы автомобиль базарынын кардарларын Талас районундагы Тайжорго мал базарындагы жаңы базарга көчүрүү аракетин көрүштү. Бирок 1997-жылдан бери ушул жерде соода кылууга көнгөн кардарлар жаңы базарга баруудан баш тартышты. Элди көндүрө албаган бийлик өкүлдөрү базар ээси Абылахат Ахмедовго да базарды жапкын деп талап коюшту. Бирок, ал «Айтемир» соода комплекси мэриянын токтомунун негизинде иштеп жаткандыгын айтып, күчкө салып токтотулбаса, адилеттик издеп облустук сотко кайрылаарын билдирди. Эркин соода жүргүзүүгө бийликтин минтип кийлигишүүсү Таласта биринчи жолу болуп жаткан жок. Төөбурчак сатып алуучу «Робин» фирмасына облустук бийлик токтом чыгара коюп, коомдо социалдык чыңалуу пайда болуп, аны жөнгө салууга кыргыз өкмөтү кийлигишип жатып гана абал эми гана өз нугуна түшүп баратат.

XS
SM
MD
LG