Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Балыкчылыктар неге нааразы?


КАРАКОЛ. Балыкчы шаарындагы үйлөрдүн тургундары облус жетекчилигине арыз кат жолдошту. Кат ээлеринин билдиргендерине караганда, Ысыккөлдүн дарбазасы аталган шаардын Райымбеков атындагы көчөсүндөгү 31 үйдүн тургундары иче турган таза сууга муктаж. Бул маселени оңчулуктуу чечип берүү суроо-талабы менен алардын барбаган кеңселери калган жок. Өзгөчө бороон-чапкындуу күндөрдө балтыр эти катый элек балдардын, өнтөлөгөн карылардын чакалап суу көтөрүп жүргөндөрүн элестетүү кыйын. «Суунун тартыштыгынан улам мончо эмне экенин унутуп да койдук, ал эми шаардык «Суу каналы» ишканасынын башчысы Табалдиевдин короосунда суу эч качан токтобойт»,-деп айтылат арыз катта.

XS
SM
MD
LG