Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Кыргызстан Оттава конвенциясына кошула элек


БИШКЕК. Жөө аскерге каршы коюлуучу минага тыюу салуу боюнча Оттава конвенциясынын аткарылышына арналган биринчи эларалык жыйын ушул жылдын 3-декабрында Кениянын борбору Найроби шаарында болот. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков, коргоо министрлигинин өкүлү Данияр Избасаров жана бул тармакка байкоо салуучу бейөкмөт уюмдун башчысы Чолпон Галиева катышат. Мындай маалымат бүгүн аталган бейөкмөт уюмдан алынды.

Маалыматка караганда, кыргыз делегациясы кыргыз-өзбек чегарасына Өзбекстан койгон миналарды тазалоо иштери тууралуу маалымат берет.

1999-2000-жылдары куралчан топтор Кыргызстандын аймагына кирип келгенден кийин Өзбекстан өз коопсуздугун коргоо максатында кыргыз-өзбек чегарасын бойлой мина койгон. Алардын ону жарылып, Кыргызстандын беш атуулу каза болгон.

XS
SM
MD
LG