Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Оштогу жардыруу тууралуу маалымат берилди


ОШ. Жардырууга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси Полот Төлөнов пресс- конференция өткөрдү. Анын айтымында жардыруудан кийин кармалган үч адамдын качып кетишине ошол түнкү туман өбөлгө болгон. Өзүн-өзү жардырган жанкечтинин жанынан Сулайманов Хасанбай жана Кусанбай деген адамдардын паспорттору табылган. Ошол дарек боюнча оперкызматкерлер дароо барган кезде Хасанбай колуна граната алып, «жакындасаңар өзүмдү да, силерди да, үй-бүлөмдү да жардырып ийем»,- деп эскерткен. Андыктан милиция кызматкерлери Хасанбайдын үйдөн чыгышын күтүшкөн. Чыгар замат качып жөнөп, колунда граната болгондуктан оперкызматкерлер жакындай албай, тигил житип кеткен. Ошентип азыр мурдагы үч, кийинки Хасанбай, Кусанбай болуп баары беш адам издөөдө. Алардын бирөө - Өзбекстандык.

Полот Төлөнов пресс-конференцияда алар террористтер болушу мүмкүн деген божомолду четке какты.

XS
SM
MD
LG