Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

ОРУСИЯНЫН ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНА ӨТҮШҮНӨ ЖОЛ АЧЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Жекшембиде Чилинин башкалаасы Сантьягодо Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмуна (АТОЭК) кирген өлкөлөрдүн саммити аяктады. Анын катышуучулары дүйнө мамлекеттерине өнүгүүсү ар кандай деңгээлдеги өлкөлөр үчүн эркин соода системасын түзүү чакырыгын таштады. Жолугушууда ошондой эле террорчулук менен күрөшүү маселеси да талкууланды. Саммитке 21 өлкөнүн лидерлери, алардын катарында АКШ жана Орусиянын президенттери катышты. Жыйын өткөн күндөрү Сантьягодо дүйнөлүк экономиканы глобалдаштырууга каршы массалык нааразылык акциялары өтүп турду.

Бул күндөрү орусиялыктарды кулак түргүзгөн нерсе – Путиндин алыскы Чили, Бразилия өлкөлөрүнө аттанышы болду. Саясатка тийиштиги барлар Сантьягодогу саммите Москванын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүшүнө Америка колдоо көргөзсө экен деп эңсеп атышты. Андай колдоону албетте президент Жорж Буштан күтүштү.

Азия-тынч океан экономикалык кызматташтык уюмуна кошулган өлкөлөрдүн лидерлери соода-алакага тоскоолдуктарды азайтуу чаралары боюнча дүйнө мамлекеттерине кайрылуу жасашкан. Мындай чара баарыдан мурда өнүгүү жолунда бараткан өлкөлөргө жөлөк болот дешет.

Айткандай эле дал ошол эки күндүк саммит учурунда Сантьягонун көчөлөрүндө экономиканы глобалдаштырууга каршы күрөш ачкандар нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Ырасмий булактар таркаткан маалыматка караганда, катарына 21 мамлекет кирген АТОЭК уюмунун жетекчилери алгачкы жолу олтурум өткөрүшү экен. Бул уюмга кирген мамлекеттер жер жүзүндөгү сооданын 50 пайызын жүгүрөт экен.

Алыс сапарда жүргөн президент Владимир Путиндин жолугушууларын чагылдырып атышкан сыналгы каналдары жекшембиде анын АКШ президенти Жорж Буш менен жүздөшүүсү түшкү тамак ичүү маалында болгонун билдиришти. Кабарларды окуган Михаил Антоновдун маалымдоосунда:

- Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна Орусиянын өтүшүнө Буш колдоо көргөзөм деп убада кылды, - деди.

Башка булактар таркаткан маалыматтарда ошондон кийин уюмдун олтурумуна келген лидерлер да Путинге колдоо көргөзүп, бирок жеке эле Орусияны эмес, Вьетнамды да колдоого алуу таклибине келишкен.

Москва үчүн дагы бир орчундуу маселе - Жапония менен бир катар маселелерди чечүү эле. Хрущевдун тушунан бери улам кеп болуп, бирок суу кечпей келген жер талаш иши бар. Жакында орус тарап Советтер Союзу тушунда убада кылынган эки аралды Жапонияга берүү мүмкүн деп айта баштаган.

Сантьягодо Жапон премьер-министри Дзюнъитиро Коидзуми менен президент Владимир Путин жолугушуп, бирок кептери бышпай калганы айтылууда:

- Тилекке каршы, азырынча биз алдыдагы маселелерди чечүүгө жетише албадык. Бирок орусиялык тарап да, жапониялык тарап дагы ал маселелерди чечүүгө дилгир экенин көргөзүштү, - деди орусиялык лидер.

Башка булактан келген маалыматта Токио экинчи дүйнөлүк согушта олжого кеткен төрт аралын толугу менен кайтарып алмайын кепке келиши мүмкүн эмес деген пикирде турат.

XS
SM
MD
LG