Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Евробиримдик Беларусиянын ырасмий адамдарынын каттоосуна тыюу салуу боюнча планды жактырды


Ага ылайык Беларусиянын ырасмий адамдарынын Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирүүсүнө тыюу салынышы же башкача айтканда виза берилбеши керек. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин билдиргенине караганда Беларусияда октябрда болгон шайлоого жана президент Александр Лукашенконун бийлик мөөнөтүн узартууга жол ачкан референдумга каршылык ирээтинде уюмга мүчө өлкөлөр менен Минскинин ортосунда жогорку деңгээлдеги байланыштар да токтотулат.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери өз жыйынында ага катар президент Александр Лукашенкону саясатын өзгөртүүгө чакырды. Беларусиянын бийликтери 17-октябрдагы шайлоодон кийин болгон нааразылык акцияларын күч менен таратып, оппозициянын ондогон активисттерин камакка алган.

XS
SM
MD
LG