Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Азербайжан Армениянын оккупацияланган аймактардагы аракетине тынчызданат


Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Мамадияровдун билдиргенине караганда, БУУнун Башкы ассамблеясына сунуш кылынган резолюция Армения менен Тоолуу–Карабак боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдөгү негизги тоскоолдуктарды чечүүгө жардам бериши мүмкүн. Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн кайрадан ырастаган резолюция Башкы ассамблеяда бүгүн талкууланышы керек. Ал документ ошондой эле ЕККУ уюмун этникалык армяндар оккупациялап алган аймактарга иликтөө жүргүзүүчү топту жиберүүгө чакырат. Азербайжан тышкы иштер министри Элмар Мамадияровдун БУУдан кабарчыларга билдиргенине караганда аларда армяндар оккупацияланган аймактарда конуштарын жайгаштырып жатканы жөнүндө ишенимдүү маалыматтар бар:

- Биз армян өкмөтү оккупацияланган аймактарга адамдарды көчүрүү саясатын жүргүзүп жатканына катуу кабатырлануудабыз. Муну эларалык гуманитардык мыйзамдарды, анын ичинде 1949-жылкы Женева конвенциясын ачык бузгандык деп эсептейбиз.

Армян тарап болсо Тоолуу-Карабак анклавынан тышкары жерлерге эч кандай конуш түшкөн жок деп ырастоодо. Тоолуу–Карабак 1994-жылы Армения колдогон күчтөр каратып алгандан бери иш жүзүндө Азербайжандан көз карандысыз.

XS
SM
MD
LG