ЖАЛАЛАБАД. «Атамекен» партиясынын Жалалабад облустук бөлүмүнүн жыйынында облустун бардык аймагынан келген мүчөлөр укук коргоочу Турсунбек Акундун дайынсыз болушуна тынчсызданууларын билдиришти. «Кыргызстан элдик патриоттук» кыймылы төрагасынын эмдигиче табылбай жатышын Турсунбек Акундун Аскар Акаевди кызматтан кетирүү боюнча кол топтоо аракети менен байланыштырышты. Партиянын чогулушунда Турсунбай Акунду тезирээк табуу талабы менен президент Аскар Акаевге жана аны издөөгө Кыргызстандын бүткүл калкын чакырган кайрылуу кабыл алынды.