Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Маданият күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте маданият кызматкерлерине арналган салтанаттуу жыйын болуп, ага президент Аскар Акаев катышты. Анда президент Кыррызстандын экономикасынын өнүгүүсү турукташып, эми маданият тармагына көңүл бурууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн билдирди. Анын далили катары 2005-жылдын 1-январынан тарта маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек маянасы 30 процентке жогорулатылаарын билдирди. Андан тышкары жаңы жылдан тарта Кыргыз эл артисттеринин, маданият менен искусствого эмгеги сиңген ишмерлердин айлык маянасы 50 процентке көтөрүлөөрүн жарыя кылды.

Салтанаттуу жыйында президент 2002-2003-жылдар үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты жазуучу Кеңеш Жусуповго, «Акмарал» бий ансамблине, ырчылар Анарбек Ибраев менен Саламат Садыковага тапшырды. Андан тышкары 3-даражадагы «Манас» ордени менен драматургдар Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, акын Омор Султанов, манасчы Уркаш Мамбеталиев жана ишкер Ташкул Керексизов сыйланышты. Бир катар акын, жазуучуларга «Кыргыз эл акыны» жана «Кыргыз эл жазуучусу» наамдары ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG