БИШКЕК. Акыркы айларда Бишкек, Карабалта, Токмок жана Чолпоната шаарларынын абасынын булгануусу бир аз төмөндөдү. Мындай маалыматты бүгүн Кыргызстандын гидрометеорологиялык борборунун айлана-чөйрөнүн булгануусу менен радиоактивдүүлүктүн абалына көз салган башкармалыгы кабарлады.
Байкоого караганда буга октябрь айында аба ырайынын жакшы болушу шарт түздү. Маселен, Бишкектин абасында азоттун диоксидинин, азоттун оксидинин жана формальдегиддин өлчөмү бир аз азайды. Бирок аммиактын көлөмү мурдагы эле калыбында калды. Ошондой эле борбордун чок ортосундагы аба башка аймактарга караганда булганч экендиги байкалды.