БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн Шайлоо кодексининин 69-беренесине өзгөртүү киргизүү, тактап айтканда, чет өлкөлөрдө иштеп, өлкөдө беш жыл жашабаган элчилер парламенттик шайлоого катыша албайт деген жобону өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган жок.
Мыйзам Кыргызстандын чет өлкөлөрдө иштеген мурдагы үч элчиси Медеткан Шеримкулов, Мамбетжунус Абылов жана Үсөн Сыдыковдун палатага кайрылуусунун негизинде даярдалган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин «Слово Кыргызстана» гезитине мурдагы элчилер парламенттик шайлоого катыша албайт деп түшүндүрмө берген. Элчилер парламенттен мындай эреже Конституцияга каршы келээр же келбесин түшүндүрүп берүүнү суранышкан.
Палата түшүндүрмөнүн ордуна Шайлоо кодексиндеги чек коюу жобосун алып таштоо жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыккан, бирок аны кабыл алган жок.
Мурдагы элчи Медеткан Шеримкулов палатанын мындай чечими менен Кыргызстандын эларалык аброюу түшүп, дипломаттардын арасында кыргыз элчилери дароо экинчи даражадагы адам болуп калышты деп билдирди. Ал эми Мамбетжунус Абылов палата түшүндүрмө берүүнү саясий оюнга айландырып, элчилерге атайын бут тосту деп белгиледи.