Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Кылмышка шектүү деп алты адам изделүүдө


БИШКЕК. 19-ноябрда Ош шаарында болгон жардырууга байланыштуу алты адам изделүүдө. Алардын бирөөсү Ташкендеги терроризм боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн, Өзбекстандын атуулу Нурдин Закирдинов. Ал эми жардырууда каза болгон адамдын ким экендиги азыр аныкталууда. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Эгембердиев бүгүн билдирди.

Анын айтымында каза болгон жанкечтинин жанынан тапанча, ичине түзсүз күкүм зат салынып оролгон эки тоголок нерсе табылган. Мунун өзү алардын кайсы бир жерди жардырууну көздөп жүргөндүгүнөн кабар берет, деп белгиледи Эгембердиев.

Издөөдөгү адамдардын үйүн тинтүүдө диний маанайдагы китепчелер табылган. 19-ноябрдагы жардырууда каза болгон милиция кызматкери Нурланбек Сайдиевдин үй-бүлөсүнө болсо материалдык жардам көрсөтүлүп, анын өзүн мамлекеттик жогорку сыйлыкка көрсөтүү аракети жасалууда, деп билдирди ички иштер министринин орун басары Эгембердиев.

XS
SM
MD
LG