Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Укук коргоочунун жоголушуна байланыштуу кылмыш иши козголду


БИШКЕК. Укук коргоочу Турсунбек Акундун жоголушуна байланыштуу кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу бүгүн президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр бардык тартип коргоо органдары укук коргоочуну издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Жанузаков дүйшөмбү күнү улуттук коопсуздук кызматы жана ички иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган. Андан тышкары Турсунбек Акундун жубайы Гүлмира Жапар кызы менен жолугушуп, издөө иштеринин жүрүшү менен аны тааныштырган.

"Бардык тартип коргоо органдары издөө иштерин катуу жүргүзгөн менен жыйынтык болбой жатат" деп белгиледи Болот Жанузаков. Ал укук коргоочу балким өз иштери менен бир жактарда жүрүшү мүмкүн экендигин да билдирди.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушуна байланыштуу маселени иликтөөнү палатанын мамлекеттик коопсуздук комитетине тапшырды.

XS
SM
MD
LG