Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Евробиримдик Украин жетекчилигине тынчыздануу билдирсе, АКШ ашыкпоого чакырды


Евробиримдиктин азыркы төрагасы, Нидерландиянын премьер-министри Ян Петер Балкененде Украин президенти Леонид Кучма менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө шайлоого байланыштуу олуттуу тынчыздануусун билдирип, анын экинчи айлампасынын жыйынтыгы элдин эркин чагылдырарынан шек санарын айткан.

Премьер-министри Виктор Януковичти шайлоодогу жеңиши менен дүйшөмбү күнү эле куттуктаган орус президенти Владимир Путин шайлоонун ырасмий жыйынтыгы чыга электе аны сындоо ыксыз экендигин белгиледи. АКШ администрациясы болсо Украин бийликтерин добуштар бурмалангандыгы жөнүндөгү ырастоолор иликтемейинче шайлоонун жыйынтыгын бекитбөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG