Ал окуялар Грузиядагы шайлоодо добуштар бурмаланганына байланыштуу нааразылык акцияларынан башталып, эл толкуп отуруп, акыры мурдагы президент Эдуард Шеварднадзени кызматынан кетирип, анын ордуна Михаил Саакашвили шайланган. Кечээ Тбилисиде өткөн Бириккен улуттук кыймыл партиясынын конгрессинде Саакашвили Грузияда эч убакта эркиндикке коркунуч келтирүүгө жол берилбейт деп белгиледи.
"Биз бардык коңшулар менен, анын ичинде Орусия менен да эң мыкты мамиледебиз. Бирок бардыгы көңүлүнө түйүп алсын, эч ким кызыл сызыкты аттап өтө албайт, анын ары жагында биздин эркиндигибиз бар, биз ар кандай чегинүүлөргө даярбыз, бирок андай кадамдар эч убакта Грузиянын көз карандысыздыгы менен эркиндигине шек келтирбеши керек", - деди грузин президенти.