Пакистандын премьер-министри Шаукат Азиз Индиялык кесиптеши Манмохан Сингх менен сүйлөшүү өткөрүү максатында Делиге барды. Бүгүн ал Индиянын тышкы иштер министри менен жолугуп, негизги сүйлөшүүлөрдү шаршембиде өткөрөт. Пакистан менен Индиянын жетекчилери бул ирет эки өлкө ортосундагы тынчтык жараянын жандантуу жолдорун талкуулап, анын ичинде талаштуу Кашмир аймагы тууралуу да пикир алышат.