Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Ирактагы шайлоого 156 партия катышат


Ирактын көз карандысыз шайлоо комиссиясы 30-январдагы парламенттик шайлоого 156 партиянын талапкерлери катыша турганын жарыялады. Алардын арасында Ирактын утурумдук премьер-министри Ийад Аллави башкарган Улуттук ырашкерлик партиясы жана президент Гази ал-Йавирдин Жаңы ирактык партиясы да бар.

Ал тапта Ирактагы кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы бейпилдик маселелерин талкуулоо максатында Египеттин Шарм эл-Шейх курортундагы эларалык конференция өз ишин аяктады. Жыйында Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари бардык тараптар ирак элин колдоо ниетин билдиргенин курсанттана белгиледи.

XS
SM
MD
LG