Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Иракта дагы бир динаятчы өлтүрүлдү


Багдаддын түштүк тарабында коалициялык күчтөрдүн 5000дей аскери козголоңчуларды таап-жок кылуу операциясын өткөрүүдө. Иракта куралчан адамдар дагы бир сунни динаятчысын атып өлтүрүштү. Өлкөнүн түндүгүндө бир күн мурун суннилердин өкүлү киши колдуу болуп өлгөн. Маркум Шейх Халиб ал-Зухейрдин туугандары ал Бакуба калаасындагы мечитте эл менен жолугууга баратып жолдо окко кабылганын маалымдашты. Анын алдында Ирактагы сунни динаятчылар бирикмесинин мүчөсү ал-Зухейр 30-январдагы шайлоого бойкот жарыялоого үндөгөн.

XS
SM
MD
LG