Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Израил-Палестина чатагы, Ирактагы кырдаалга арналган жыйын аяктады


Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жараянына кызыкдар өлкөлөр Палестинада 9-январда өтө турган шайлоого колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн Египеттин Шарм ал-Шейх курортунда аяктаган төрт тараптуу конференциянын соңунда айтылды. АКШ, Орусия, Европа Биримдиги жана Улуттар уюму анда Жакынкы Чыгыштагы жагдайды Ирактагы туруктуулукка байланыштырып талкуулашты. Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан АКШ, Орусия жана Евробиримдиктин өкүлдөрү менен баарлашуудан кийин Израил-Палестина чатагын чечүү келечегине ынана түшкөнүн маалымдады.

Бүгүн Рамаллада Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун төрагасы Махмуд Аббас маркум Ясир Арафаттын жолун жолдоп, Палестина мамлекетин курууга кызмат өтөөгө сөз берди. "Биз качкынга айланган элибизди үйлөрүнө кайтарып, улуттук трагедияга чекит коймоюнча эс албайбыз деп убада кыла кылам", - деди Аббас бүгүн Арафатты эскерүү максатында чогулган парламенттин атайын сессиясында. Бийликтеги "Фатах" кыймылы өткөн түнү Аббасты Палестинанын президенттигине талапкер кылып көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG